Редакцияот 24.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2023-жылдын 24-августундагы № 53

 

Баткен шаарынын С.Айтматов көчөсүндөгү Алтын-Бешик балдар бакчасынын ээлеп турган жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамына жана 2023-жылдын 3-июлундагы №02-6/357 ММД катынын, туруктуу комиссиянын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын С.Айтматов көчөсүндөгү Алтын-Бешик балдар-бакчасы ээлеп турган 4600м2 жер аянты Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына кабыл алынсын

2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов