Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №13
“Мамлекеттик менчиктеги мүлктү Манас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 03.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/7668 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 04.12.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Курманбек 8 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин балансындагы 800,0 чарчы метр аянты менен имаратты Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Манас шаардык депутаттар кеңешинин IX чакырылышынын 03.02.2022-жылдагы кезектеги XIV сессиясынын №4-токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |