Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №14
“Манас шаарынын мэриясынын Тарых музейин куруу үчүн
бөлүнгөн акча каражатты колдонууга макулдук берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Респбуликасынын Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы №345 сандуу тескемесине ылайык, Манас шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарынын мэриясынын Тарых музейин куруу максатында бөлүнгөн 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарынын мэриясынын Тарых музейин куруу максатында бөлүнгөн акча каражатын Манас шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаменти аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |