Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №15
“Манас шаардык кеңешинин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын “Манас шаардык депутаттар кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө” №16-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5- бөлүгүнө ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык кеңешинин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын “Манас шаардык депутаттар кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө” №16-токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |