Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги V отурумунун
2025-жылдын 25-апрели № 29
Султан Ибраимов айыл аймагы боюнча “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров 2025-жылдын 20-февралындагы №27 Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобонун негизинде Султан Ибраимов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою өздөрүнүн салымдарын кошуп, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жагын депутаттар угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу, спорттун чебери Мусабаев Алмасбек Ашимовичке Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн СЭБ бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ж.Иманакуновага тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |