Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги IV отурумунун
2025-жылдын 25-апрели № 35
Султан айылында жайгашкан суу топтоочу жайды (БСР) жокко чыгаруу жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Султан айылынын тургундарынан түшкөн кайрылууну тааныштырып өттү. Ал кайрылууда Султан айылынын тургундары ушул убакка чейин үйүнүн документтерин ала албай кыйналып жүрүшкөндүгү жана Суу топтоочу жай (БСР) союз убагынан бери өз максаты менен иштебей жөн эле тургандыгы жазылган. Кыргыз Республикасынын Муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18, 20-беренелерине ылайык депутаттар угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Султан айылындагы 1083 контурда жайгашкан 2,2 га суу топтоочу жайы (БСР) өз максатында иштебей тургандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн жер адиси К.О.Босумбаевге тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |