Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-июну № 36
Султан Ибраимов айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдарды БСРлерди райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун өнүктүрүү жана эффектитүү башкаруу маселеси жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Султан Ибраимов айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдарды БСРди инвентаризациялоо жүргүзүлгөндүгү, Чүй райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу маалыматы угуп, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик каражат жөнүндөгү” 2002-15-мартындагы № 37 Мыйзамынын 10-11 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамды жетекчиликке алып, Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдары, БСР лери инвентаризациялоо жүргүзүлгөндөн кийин, Чүй райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы жана иш кагаздарын даярдоо жагы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн жер адисине жана муниципалдык ишкананын жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |