Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын Кезектеги VI отурумунун
2025-жылдын 4-июлу № 38
Кегети айылынын чыгаан уулу 1941-1945-ж. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу биринчи учкуч К.Адракеевке “Ысмайыл” атындагы паркка таштан такта орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Кегети айылынынын чыгаан уулу 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Кыргызстандан чыккан ИЛ-2 самолетунун биринчи учкучу К.Адракеев атабызга Кегети айылынын борборунда жайгашкан “Ысмайыл” атындагы паркка таштан такта орнотуу учун жер тилкесин бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 беренеси жана Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 6- беренесин жетекчиликке алып депутаттары угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кегети айылынын Жумашев көчөсүндөгү № 30 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1900 ганы ээлеген “Ысмайыл” эс алуу паркынын ичинен 4 чарчы метр жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Таалайбековко тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |