КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 27-январындагы № 3
Айыл өкмөтүнүн башчыснын 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Райышбековдун 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы | У.Жунусалиев |