КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 27-январындагы № 5
Кара-Суу айыл аймагындагы Жар-Баскан жана Терме-Таш суу насосторун Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө
Терме-Таш, Жар-Баскан суу насосторун Аксы районунун суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча айыл өкмөт башчы Курсантбек Шеремановичтин кайрылуусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган Терме-Таш, Жар-Баскан суу насостору Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Суу насосторун Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтому Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңештин айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы | У.Жунусалиев |