Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум

 

2025-жылдын 22-январы  № 10

Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы  ПЖ №54 “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып,  Жайыл айыл аймагынын айылдык кеңеши:

 

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №54 Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Жайыл айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жайыл айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

 К.К. Чолпонкулов