Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум

 

2025-жылдын 22-январы  № 5

2025-2027-жылдарга карата  Жайыл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Жайыл айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2025-2027-жылдарга карата Жайыл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Жайыл айыл аймагынын  айыл өкмөт башчысы  С.Ж.Суйналиевге тапшырылсын.

        3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жайыл айыл кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

 К.К. Чолпонкулов