Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги VII отурумунун
2025-жылдын 14-августу № 45
Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров 2025-жылдын 20-февралындагы № 27 Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобонун негизинде Султан Ибраимов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою өздөрүнүн салымдарын кошуп, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жагын депутаттар угуп, талкуулап, Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кегети айылынын тургуну, № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси “Кеменгер” Ардак төш белгисинин ээси, “Эн мыкты дарыгер” наамынын ээси, Саламаттыкты сактоо тармагына жигердүү салымы үчүн бир нече жолу облусттук, райондук жана жергиликтүү органдарынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык алкыштарынын ээси Азык Джумаевага Султан Ибраимов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн СЭБ бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ж.Иманакуновага тапшы-рылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |