Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум

 

2025-жылдын 22-январы  № 4

2025-жылга бюджетти бекитүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Б.Караеванын Жайыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2025-жылдын -1-январына карата акча каражатынын калдыктарын жана айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн  бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык  кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

      1. Жайыл айыл аймагынын 2025-жылга чыгаша бюджетти төмөнкү суммада

          бекитилсин:

Баардыгы

Теңдештирүүчү грант         

Өздүк киреше

Атайын каражат

29064,1 мин сом

2894,5 миӊ сом

24569,6 миӊ сом

1 600,0 миң сом

 

 

      2.   2025-жылдын 1-январына калдык каражатына чыгаша төмөнкү суммада  

           бекитилсин:

 

Баардыгы

Өздүк киреше

Атайын каражат

2025 жыл

9823,3 миӊ сом

9250,1 миӊ сом

573,2 мин сом

3.      Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга штаттык саны төмөндөгүдөй бекитилсин:

Раздел

Баш саны

Жылдык эмгек акы фонду

СФ чегерүү (17,25%)

Аппарат

16,0

5945,9миӊ сом

756,8 миӊ сом

ЖКХ

9,0

824,0 миӊ сом

142,1 миӊ сом

Библиотека

2,0

415,8 миӊ сом

71,7 миӊ сом

Маданият үйү

3,0

464,1 миӊ сом

80,1 миӊ сом

БАРДЫГЫ

30,0

7 649,8 миӊ сом

1050,7 миӊ сом

 

       4. Жайыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышын  көзөмөлдөө Жайыл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык  комиссиясына жүктөлсүн.

       5. Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (Караева Э.Б.)- акча каражаттарынын  калдыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте максаттуу пайдаланылсын.

       Аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айылдык кеңешинин  бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

       6. Каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы- Караева Э.Б., Жайыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата штаттык ырааттамасына ылайык эмгек акы боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзсүн.

 Аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы

С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

 К.К. Чолпонкулов