Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги VII отурумунун
2025-жылдын 14-августу № 48
Султан айылындагы Р.Телтаев толук эмес орто мектебин баланска алуу жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Султан Ибраимов айыл өкмөтүнөн башчысы С.Т.Таалайбековдун кайрылуусу менен тааныштырып өттү. Ал кайрылууда айыл өкмөтүнүн аймагындагы Р.Тельтаева атындагы толук эмес орто мектеби салынып, бирок көп жылдардан бериайыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлбөй жүргөндүгү жазылган. Кыргыз Республикасынын 2002-жылынын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык обьектилерди баланска киргизүү жана бекитүү жөнүндөгү маалыматын депутаттар угуп, талкуулап чыгып,
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Р.Тельтаева атындагы толук эмес орто мектеби айыл өкмөтүнүн балансына киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана документтерин бүткөрүп кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ж.Иманакуновага тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |