Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомуна)
Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алуу тартиби жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон 5 жаштан 16 жашты кошуп алганга чейинки курактагы бардык балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу (мындан ары - балдарды эсепке алуу) тартибин, ошондой эле балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу процессинде алардын жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү механизмин аныктайт.
2. Балдарды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу жана негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын биринчи классына кабыл алынуучу билим алуучулардын контингентин рационалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды табуу жана аларды окутууга чара көрүү максатында жүзөгө ашырылат.
3. Мектеп жашындагы балдарды эсепке алуу тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген форма боюнча мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдардын тизмесин түзүү жолу менен уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин органдары негизги баскычтын көлөмүндө милдеттүү түрдө окутулууга тийиш болгон мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алууга даярдоого жана жүргүзүүгө катышат.
Тизмеге келгендерди киргизүү жана чыгып кеткендерди алып салуу жолу менен тиешелүү туулган жылдардагы мектеп жашындагы балдарга карата жыл сайын өзгөртүүлөр киргизилет. Ар бир бала боюнча окуусу жөнүндө белги коюлат, мында тизмелер жыл сайын жаңыланууга тийиш.
4. Мектеп жашындагы балдарды эсепке алуу айыл аймагынын, шаардын жана башка калктуу конуштардын, ошондой эле административдик райондордун чек араларынын чегинде жүргүзүлөт.
5. Тизмелерди түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) айыл жеринде - "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү болгон маалыматтар, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын үй чарба китептери, ошондой эле убактылуу жашагандардын тизмелери;
2) шаарларда - "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү болгон маалыматтар, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык жана үй комитеттери, жатаканалардын коменданттары менен биргеликте үймө-үй кыдыруу жолу менен такталган маалыматтар.
6. Айыл аймагынын, шаардын же башка калктуу конуштун аймагында жашаган 5 жаштан 16 жашты кошуп алганга чейинки курактагы бардык балдар, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулар, ошондой эле негизги жалпы билимин бүтүрө элек 16 жашка чейинки курактагы балдар эсепке алынууга тийиш.
7. Акыл-эси жана дене боюнун өсүшүндө кемчиликтери бар (көзү азиз, акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген, дүлөй жана дудук) мектеп жашындагы балдарга атайын мектептерде, атайын мектеп-интернаттарда, атайын көмөкчү мектептерде, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарда жана санаториялык мектеп-интернаттарда аларды окутуу менен камтуу үчүн пайдаланылуучу өзүнчө тизмелер түзүлөт.
8. Мектеп жашындагы балдардын тизмеси расмий статистикалык отчеттуулукту түзүү үчүн материал катары жергиликтүү мамлекеттик администрацияда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында сакталат.
9. 5 жашка толгон балдардын тизмеси алар 16 жашка толгонго чейинки бүткүл мезгил ичинде колдонулат.
10. Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору окуу жылынын ичинде билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органына системалуу түрдө (катары менен 10 окуу күнүнүн ичинде) жана жүйөлүү себептерсиз окуу сабактарын өткөрүп жиберген балдардын тизмесин берүүгө милдеттүү. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы өз кезегинде, көрсөтүлгөн маалыматтарды жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына же айыл өкмөтүнө бул балдарды билим берүү уюмдарына кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрүү үчүн жиберет. Окуу сабактарына катышпаган балдар жөнүндө маалыматтар 10 күн катышпагандан же окуу сабактарына келбегенден кийин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
11. Билим алуучулардын окуу сабактарына катышуусун контролдоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) 10 окуу күнүнө чейинки мөөнөткө сабактарга катышпаган балдарды эсепке алуу жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму тарабынан жүргүзүлөт;
2) катары менен 10 окуу күнүнөн ашык мөөнөткө сабакка келбеген балдарды эсепке алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын жана айыл өкмөтүнүн социалдык комиссиясы тарабынан социалдык кызматкерлерди жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорду тартуу менен жүргүзүлөт.
12. Сабакка катышпаган балдар жөнүндө материалдар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына жана айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген учурдан тартып окуп жаткан адам сабакка катышпаган деп эсептелет.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөрү балдарды жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кайтаруу боюнча контролдоону жүзөгө ашырат жана чараларды көрөт.
14. Балдар иштери боюнча комиссия 10 календардык күндүн ичинде үй-бүлө менен жекече иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жекече пландын материалдарын карап чыгат, тиешелүү чечим кабыл алат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн чечимдери түрүндө таризделет.