Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги VII отурумунун
2025-жылдын 14-августу № 49
Кошой айылындагы эски мектепти бузуу жана анын материалдары жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Султан Ибраимов айыл өкмөтүнөн башчысы С.Т.Таалайбековдун кайрылуусу менен тааныштырып өттү. Ал кайрылууда Кошой айылында 1947-жылы курулган эски мектеп авариялык абалда болгондугуна байланыштуу бузуп жарактуу материалдарын муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө таратуу жөнүндөгү маалыматын депутаттар угуп, талкуулап чыгып,
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кошой айылындагы эски мектеп Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын корутундусу менен бузулуп жарактуу материалдары муктаж, көп балалуу, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө мүчөлөрүнө таратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана документтерин бүткөрүп кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ж.Иманакуновага тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |