Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 50
К.Абдылдаеваны “Кеменгер” төш белгисине сунуштоо жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров 2025-жылдын 5-сентябрындагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын № 16 чечими менен тааныштырып өттү. Ал чечимде Ө.Исаев атындагы орто мектептин чарба башчысы Абдылдаева Каныкулду Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кеменгер” төш белгисине сунуштоо жагын депутаттар угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешине караштуу Кегети айылынын тургуну, ардагер кызматкер, көптөгөн “Ардак грамоталардын” ээси Абдылдаева Каныкул Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кеменгер” төш белгисине сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |