Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги VIII отурумунун
2025-жылдын 15-октябры № 55
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу “Келечек” жана “Айданек” бала бакчаларына төлөнүүчү ата-энелер төлөмү жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Кегети айылындагы “Келечек”, Советское айылындагы “Айданек” балдар бакчаларынын директорлору З.Маликова жана А.Майтикованын кайрылуулары менен тааныштырды. Ал кайрылууда азык-түлүктүн баалары кымбаттап жаткандыктан бала бакчага келген балдарга төлөнүүчү акыны ата-энелердин макулдугу менен күнүнө 120 сомдон төлөй тургандай 110 сом тамак үчүн, 10 сом чарба керектөөлөрүн кароону суранышкан. Депутаттары угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнүмдүк ата-энелердин төлөмдөрү 2025-жылдын 1- октябрь баштап 110 сом тамак үчүн, 10 сом чарба керектөөлөрүнө, жалпы 120 сом төлөнүүсү бекитилсин.
2. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |