Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги VIII отурумунун
2025-жылдын 15-октябры № 59
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кегети айылынын тургуну, композитор С.Бактыгуловго эстелик орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Кегети айылынынын тургуну, композитор, “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Данк” медалынын ээси С.Бактыгуловго Кегети айылынын борборунда жайгашкан “Ысмайыл” атындагы паркка эстелик орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 беренеси жана Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 6-беренесинин негизинде депутаттар угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кегети айылынын Жумашев көчөсүндөгү № 30 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1900 ганы ээлеген “Ысмайыл” эс алуу паркынын ичинен 1м2 жер тилкеси С. Бактыгуловдун айкелин тургузуу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Эстеликти тургузуу анын тегерегин иреетке келтирип, сакталышын көзөмөлгө алуу жагы баласына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |