САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясы
2023-жылдын 6-марты № XIV/II
Сары-Ой айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалык боюнча эрежени бекитүү жөнүндө
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын Сары-Ой айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу тазалыкты сактоо эрежелерин бекитүү максатында Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Сары-Ой айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча эреже бекитилсин.
3. Ушул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Керимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Заматбек к Ч |