Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 1
“Ак-Чий айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун
мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Чий айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Чий айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Чий айылдык Кеңешинин төрагасы К.С. Жакшылыковго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Мукалаев Т. |