Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-сентябры № 53
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилерди баланска алуу жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Султан Ибраимов айыл өкмөтүнөн түшкөн кат менен тааныштырып өттү. Ал катта айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилерди Ленин-Жол айылындагы Станбеков көчөсүндө жайгашкан окуу-өндүрүштүк комбинатынын имаратын, жер тилкеси менен чогуу Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн балансына алууну суранышкан. Кыргыз Республикасынын 2002-жылынын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык объектилерди баланска киргизүү жана бекитүү жөнүндөгү маалыматын депутаттар угуп, талкуулап чыгып,
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл аймагынын Ленин-Жол айылындагы окуу-өндүрүштүк комбинаттын имаратын ага чектеш 0,4287 га жер тилкеси менен бирге айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы жана документтерин бүткөрүп кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ж. Иманакуновага тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |