Редакцияот 25.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясы

 

2023-жылдын 6-марты № XIV/III

 

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассосациясынын уставын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б Кошалиевдин баяндамасын угуп жана талкуулапСары-Ой айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Сары-Ой айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассосациясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет)

2.Бул  токтом Сары-Ой айыл өкмөтүнүн каттосунан өткөрүлүп, saryoi.naryn-region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Сары-Ой айылдык кенешинин жооптуу катчысы С Керимовго милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам

Төраганын орун басары

 

Заматбек к Ч

Сары-Ой айылдык Кеңешинин 06.03.2023 жылдын № ХIV/III  токтомуна тиркеме

 

 

 

 

 

Нарын областынын

Нарын районунун

Сары-Ой айыл өкмөтүнүн

Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын

УСТАВЫ 

 

I. Жалпы жоболор

1.    Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:

-        мамлекеттик тилде: Нарын областынын, Нарын районунун, Сары-Ой айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;

-        расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сельских сообңеств» Сары-Ойского айыльного аймака, Нарынского района, Нарынской области.

  1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:

-        мамлекеттик тилде: Сары-Ой айылдык аймагынын АКИА;

-        расмий тилде: ИАСС Сары-Ойского айыльного аймака.

  1. Сары-Ой айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын областы, Нарын району, Сары-Ой айыл өкмөтү, А.Шамыкеев көчөсү №8
  2. АКИАөз ишмердүүлүгүн Сары-Ой  айыл өкмөтүндө жүргүзөт.
  3. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

6.    АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына  жана чечимдерине таянат.

7.    АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.

8.    АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.

 

II.АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери

  1. АКИАнын түзүлүү максаттары:

-        социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

-        кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

-        калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.

  1. АКИАнын иш-милдеттери:

-        Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

-        Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоогожана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;

-        Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

-        эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;

-        мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;

-        жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;

-        аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;

-        курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

-        коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;

-        калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;

-        жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;

-        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.