Загрузка документа…
БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик Баатыр айылдык кенешинин 30 чакырлышынын 11 жыйыны
2025-жылдын 26-декабры № 01-6/72
Кашка-Суу – Бишкек каттамдардын ичинде жалпы пайдалануудагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Шабданбеков У. №265 маршруттук каттамдын бригадиринин кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу– Бишкек каттамдардын ичинде жалпы пайдалануудагы №265 коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташууга тариф тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ч.Асаналиевке милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.М. Джумагулов |
|
| Тиркеме Байтик Баатыр айылдык кеңешинин 2025-ж. 26.12. № 01-6/72 токтому менен бекитилген |
Кашка-Суу– Бишкек каттамдардын ичинде жалпы пайдалануудагы № 265 коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуудагы тариф
№ | Маршруттун каттамы | 1 адамга төлөм (сом) |
1 | Кашка-Суу а. – Бишкек ш. | 45 |
2 | Кашка-Суу а. –Заречное а. | 30 |
3 | Кашка-Суу а. – Таш-Дөбө а. | 20 |