Загрузка документа…
БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик Баатыр айылдык кенешинин 30 чакырлышынын 11 жыйыны
2025-жылдын 26-декабры № 01-6/75
Байтик Баатыр айыл аймагынын айылдарынын кээ бир көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Байтик айылынын 5 га жаңы конушунун көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согушунун ардагери Раимбеков Салмоордун нааамын ыйгаруу боюнча А.Э.Раимбековдун кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик айылынын 5 га жаңы конушунун үч көчөсүнө “Салмоор ата” аты коюлсун.
2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик “Кадастр” мекемесине Байтик айылынын 5 га жаңы конушунун үч көчөсүнө “Салмоор ата” атын коюу боюнча өтүнүч кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалыымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ч.Асаналиевке милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.М. Джумагулов |