Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXII сессиясы

 

 

2023-жылдын 10-августундагы № 114-1

 

Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин жана 2023-жылдын 7-августундагы Петровка айыл аймагынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап,

Петровка айылдык кенеши:

 

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

 

1. Петровка, Предтеченка жана Беш-Терек айыл аймактарын бириктирүүдө Петровка айыл аймагы административдик-аймактык борбору болуп эсептелсин.

2. Петровка айыл аймагынын Петровка айыл өкмөтү Төрт Гүл айыл аймагы Төрт Гүл айыл өкмөтү деп өзгөртүлсүн.

3. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде Петровка айылдык кеңешинин веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык кенештин орун басары

Канатбек уулу М