ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXII сессиясы
2023-жылдын 10-августундагы № 115-2
“Мөөнөтсүз пайдаланууга жер участогун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-пунктунун 2-беренеси Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Байсульдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл өкмөтүнө Кызыл-Туу айылынын Центральная көчөсүндө жайгашкан таза суу чыккан суунун тегериндеги -8251кв.м түзгөн жер участогу мөөнөтсүз пайдаланышы үчүн берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Москвадагы филиалына жер участогун пайдалануу укугу жана күбөлөндүрүү жөнүндөгү иш кагаздарын даярдоо үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн башкы адис-жер куруучусу Замятина Н.Б.- га милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык, бул токтом 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва шаарындагы филиалында катталууга тийиш.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кенештин орун басары | Канатбек уулу М |