Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 3-октябры № 38
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелерин бир багыттан экинчи багытка которуу, транцформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт эсебиндеги жер тилкелерин бир багыттан экинчи багытка которуу (транцформациялоо) жөнүндө жер адис Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган Кара-Дөбө участкасынан 1,70га, Беш-Терек участкасынан 2,30га, Ак-Терек айылындагы Кудук участкасынан 1,70га бардыгы 5,70га. жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунунжана башка багыттары жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2..Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |