Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 3-октябры № 40
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дем берүүчү гранттка беш проект сунуштоо жана жергиликтүу бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дем берүүчү гранттка беш проект сунуштоо жана жергиликтүу бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, дем берүүчү гранттка беш проект сунушталсын жана жергиликтүу бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |