Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 3-октябры № 41
Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манас жеке менчик турак- жай участкасынын ичинен максаттык багытын өзгөртүп, элдерди азык түлук менен камсыздоо үчүн 0,02га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манас жеке менчик турак-жай участкасындагы 0,02га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, элдерди азык түлүк менен камсыздоо үчүн макулдук берүүгө Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манастын 2025-жылдын 1-октябрында жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манас “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2003-жылы 29-октябрь айынын серия Ч № 634474-сандуу каттоосу менен берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду № 05-06-09-1005-0216 номериндеги турак-жай үйүнүн 200м.кв. жер аянтынын багытын өзгөртүп элдерди азык түлук менен камзыздоо үчүн дүкөн курууга макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |