Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 3-октябры № 43
Салам-Алик айыл аймагында 2026-жылга дем берүүчү гранттан аткарыла турган иштерге айыл тургундарынын жалпы чогулушундагы чечими менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде 2026-жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу төмөндөгү проектилерге, жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо максатында, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонттоого 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 1239023,0 (бир миллион эки жүз отуз тогуз миң жыйырма үч) сом, акча каражаты билим берүү бөлүкчөсүнүн 3111статьясынан бөлүнүп берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын Эркин-Тоо айылындагы Э.Жусубалиев көчөсүнүн ички чарбалык жолдорунун 414 метр аралыгына жергиликтүү бюджеттин тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 1030000,0 (бир миллион отуз миң) сом, акча каражаты ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин.
3.Салам-Алик айыл аймагынын Ара-Көл айылындагы Кудайбериев көчөсүнүн ички чарбалык жолдорунун 680,0 метр аралыгына 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 2031897,0 (эки миллион отуз бир миң сегиз жүз токсон жети) сом, акча каражаты ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин.
4.Салам-Алик айыл аймагынын Ара-Көл айылындагы Кудайбердиев көчөсүнүн ички чарбалык жолдорунун уландысынын 311,0 метр аралыгына 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 720000,0 (жети жүз жыйырма миң) сом, акча каражаты ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |