Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 3-октябры № 44
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна дем берүүчү гранттан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна дем берүүчү гранттан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна дем берүүчү гранттан акча каражатын бөлдүрүүгө макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 865100 (сегиз жүз алтымыш беш миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |