Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 3
Салам-Алик муниципалдык ишканасынын 2026-жылга жайыт боюнча бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Салам-Алик муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 685000 (алты жүз сексен беш миң) сомго бекитилсин.
2.Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды аткаруу жагы Салам-Алик муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Мураталиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |