Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 5
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кызыл-Байрак айылынын тургундары Жантаев Темиржан Абдырахмановичке Кызыл-Байрак айылынын жалпы элдик жыйындын №1 протоколунун чечимине ылайык жана Раимбердиева Бермет Давутовнага Кызыл-Байрак айылынын жалпы элдик жыйынынын №2 протоколунун чечимине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кызыл-Байрак айылынын тургундары Жантаев Темиржан Абдырахмановичке жана Раимбердиева Бермет Давутовнага Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |