Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 6
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылындагы “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-жана 92-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылындагы “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Кош-Этер айылынын тургуну Туркменов Тилектин, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жазган 2026-жылдын 20-январындагы жазган арызын карап, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кош-Этер айылынын тургуну Туркменов Тилекке Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүү үчүн 0,35 га жер аянты 5 (беш) жылдык мөөнөт менен убактылуу бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы жана балык өстүрүү үчүн бөлүнө турган жердин максаттуу багытын аныктап, тиешелүү органдардын корутундусу менен юридикалык документтерди даярдап, Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин Алмазбек уулу Рысбекке тапшырылсын.
3. Балык чарбасы уюштурулуп, ишке киргенден кийин айыл аймагындагы бала-бакчаларды балык менен камсыздоо жагы эки тараптуу келишимде көрсөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |