Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 7
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу, Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу Ак-Терек айылындагы Жазы дарыясына көпүрө куруу үчүн үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу, Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу жана Ак-Терек айылындагы Жазы дарыясына көпүрө куруу үчүн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу жана Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу үчүн 905040 (тогуз жүз беш миң кырк) сом жана Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу үчүн 1682720 (бир миллион алты жүз сексен эки миң жети жүз жыйырма) сом, Ак-Терек айылындагы Жазы дарыясына көпүрө куруу үчүн 3087676 (үч миллион сексен жети миң алты жүз жетимиш алты) сом акча каражаты Өзгөн райондук өнүктүрүү фондусунан бөлүп берүү жагы суралсын.
3.Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |