Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 8
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан “Чокмор эки” Жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлиги тарабынан ОсОО “Чокмор эки” ишканасына 2025-жылдын 20-октябрында берилген №7759 СE лицензиясынын Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан көмүр казып иштетүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2025-жылдын 20-октябрында берилген №7759 СE лицензиясынын ОсОО “Чокмор эки” ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан 10,30га жеринен көмүр казып иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70% (жетимиш пайызын) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |