Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-сессиясы
2025-жылдын 2-декабры № 46
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Карчабек айылындагы мектептин атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Карчабек айылынын жалпы элдик жыйынын протоколунун 2025-жылдын 25-ноябрындагы №2 жана Карчабек айылындагы мектептин жалпы профсоюз жамаатынын 2025-жылдын 2-декабрындагы №1-протоколунун негизинде мектептин директорунун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Карчабек айылындагы жаңы курулуп бүткөн мектепке маркум Кубатов Кушбактын ысымы ыйгаруу жөнүндөгү Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-июлундагы №29-токтому менен ыйгарылган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244-токтомуна ылайык келбегендигине байланыштуу токтом жокко чыгарылсын.
2.Карчабек айылында иштеп жаткан мектебине №87 “Карчабек” негизги жалпы билим берүү берүү мекемеси деп атоого макулдук берилсин.
3.Карчабек айылындагы мектепке көмүр-отун менен жергиликтүү бюджеттен камсыздоо жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4.Ушул токтомду бектип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн штаттык бирдиктерди ачып берүу жагы суралсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |