Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-сессиясы
2025-жылдын 2-декабры № 47
Салам-Алик айыл аймагынын «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын» (ЖБПП) бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы- CS-FOR” долбоорунун алкагында Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы № 166 буйругу менен түзүлгөн “Жаратылышты башкаруу жамааттык тобу-ОГУЛ”дун жумушчу тобунун даярдаган 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыт башкаруу жана пайдалануу планын” Жумушчу топтун мучосу, МИ жайыт адиси Кунаев Шухраттын билдируусун угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кенешинин сегизинчи чакырылышынын сегизинчи сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Салам-Алик айыл аймагынын 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы” бекитилсин.
(ЖБПП) планы тиркелет.
2. Салам-Алик айыл аймагынын 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын” аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Салам-Алик айыл аймагынын 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын” көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |
"Бекитилген"
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин _____ чакырылышынын _____ сессиясында
“____” __________2025-жыл
____________________________
Кыргыз РеспубликаСЫ
Ош облУсУ
Өзгөн районУ
салам алик айыл аймаГЫ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
2026-2030-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
Салам-Алик айылы, 2025-жыл
1-бөлүм. Жалпы маалыматтар
1.1. Айыл аймагы жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы
1.2. Жер ресурстары жөнүндө маалыматтар
1.3. Муниципалдык ишкана жөнүндө маалымат.
1.4. Жайыт ресурстарын башкаруу структурасы
1.5. Жумушчу топтун курамы
2-бөлүм. Жайыт ресурстары, инфраструктура жана алардын абалы
2.1. Жайыт участокторунун жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, жайыттардын сыйымдуулугу, абалы жана мезгилдүүлүгү)
2.1.1. Жайыттарды пайдалануу мезгили
2.1.2. Жайыт участокторунун өзгөчөлүктөрү
2.1.3. Жайыттардын түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу жана алардын абалы
2.2. Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
2.3. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи
2.4. Биотүрдүүлүк