Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXII сессиясынын
2026-жылдын 28-январындагы №1
“Манас шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Манас шаарынын мэриясынынын 20.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/224, 23.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/353, 23.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/354, 26.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/392 сандуу каттары Манас шаардык кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык кеңешинин 20-ноябрь 2025-жылдагы кезексиз XIX сессиясынын №1 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктундагы “Манас шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду 3-10-02-0005-1695)” деген сөздөр “Манас шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүнүн №6/1 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду 3-10-02-0005-1729)” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
2. Манас шаардык кеңешинин 27-ноябрь 2023-жылдагы кезексиз XXXV сессиясынын №2 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Токтомдогу “Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасы” деген сөздөр “Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасы” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
3. Манас шаардык кеңешинин 8-октябрь 2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №9 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 7-абзацындагы “Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүндөгү №63/2 дарегинде жайгашкан Д.Ш.Жолболдуевага таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6762) жалпы аянты 127,5 чарчы метр башка жерден ижара шартында жер тилкесин берүү жолу менен” деген сөздөр “Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүндөгү №63/2 дарегинде жайгашкан Д.Ш.Жолболдуевага таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6762) жалпы аянты 127,5 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
1-пунктунун 8-абзацындагы “Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүндөгү №151а дарегинде жайгашкан Э.Р.Сатарбаевге” деген сөздөр “Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүндөгү №151а дарегинде жайгашкан Б.Сатарбаевге” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
4. Манас шаардык кеңешинин 24-октябрь 2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №6 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы “2665,5 чарчы метр” деген сөздөр “2298,30 чарчы метр” деген
сөздөргө өзгөртүлсүн.
5. Манас шаардык кеңешинин 26-сентябрь 2025-жылдагы кезексиз XVI сессиянын №2 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы “Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүнүнүн №38 дарегинде жайгашкан мурунку мэриянын имаратынын сол тарабындагы 2 кабаттуу имарат жана мүлктөр” деген сөздөрдөн кийин “, 865,0 чарчы метр жер тилкеси менен” деген сөздөр менен толукталсын.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |