Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-сессиясы
2025-жылдын 2-декабры № 48
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жерди, кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, аукцион аркылуу сатуу боюнча Жобосун бекитүү жана жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук комиссия курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жерди жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, түз жана аукцион аркылуу сатуу боюнча Жобосун бекитүү жана жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук коммиссия курамын бекитүү жөнүндөгү Салам-Алик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 169-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
1. Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерге жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.
2.Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Салам-Алик айылдык кеңешинин 2023жылдын 15-ноябрындагы №169-токтому менен кабыл алынган Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Чыпаев Сыргабай -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты,
Комиссиянын төрагасы:
2) Калбаев Шермамат -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
комиссиянын мүчөсү;
3) Осмонкулов Нуржигит -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
4)Жеңишбек уулу Кыялбек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
5) Курманалиев Жанарбек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
6) Кожошова Алиман -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
7) Нуралиев Жылдызбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси;
8) Айдарканов Адисбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аскер иштери боюнча инспектору:
9) Термечиков Байыш -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча
10) Айыл башчы - Ар бир айылдын тийиштүү айыл башчылары;
3.Жерге жана мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитип, менчиктештирүү программасынын долбоорун Салам-Алик айылдык кеңешинин кароосуна киргизсин;
-күчүндөгү муниципалдык мүлктү жана жерди ижарага берүү боюнча келишимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү маселеси ижарачылар менен макулдашуу жолу менен каралып чыксын;
-өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
4. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуусу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисинин милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |