Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXII сессиясынын
2026-жылдын 28-январындагы №3
“Манас шаарындагы жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-19-беренелерине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 22.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/303 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 27.01.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Масадан айылындагы Б.Парпиев көчөсүндө жайгашкан 1818,75 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
1. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |