Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VIII кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 32
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айына карата бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу сметасын бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын тогуз айына кошумча план алуу жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айына карата төмөнкү салыктардан кошумча план алуу сметасы бекитилсин: Киреше салыгынан- 500,0 мин сом, Кыймылсыз мүлк салыгынан-300,0мин сом, Аренда акы, калктуу пункттан – 100,0мин сом, Аренда акы кайра бөлүштүрүү фонду – 1300,0 мин сом, Атайын каражаттар эсебинен – 1300,0 мин сом. Жалпысы – 3500,0 мин сом.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айына карата кошумча алынган 3500,0 мин сом акча каражаты төмөндөгү чыгашалар боюнча жумшалсын:
- Мектептерге видео көзөмөл сатып алуу - 3112-статьяга – 377840 сом
- ЛЭД экран орнотууга - 3112-статьяга - 1486000 сом
- А.Ураимов, М.Мавлянов,Сөгөт көчөлөрнө
таза суу түтүкчөлөрүн сатып алуу - 2222-статьяга- 150 000 сом
- Мектеп, бала бакчаларына кышка даярдык
Боюнча өзгөчө кырдаалдарга - 2221-стаьяга - 186 160 сом
- Атайын каражаттан балдар бакчаларына
Тамак аш сатып алуу - 2218-статьяга - 1300 000 сом
Жалпысы: 3500 000 сом
3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Ш.Бекатов |