Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VIII кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 32/1
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталына карата бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу сметасын бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 4-кварталына кошумча план алуу жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталына карата төмөнкү салыктардан кошумча план алуу сметасы бекитилсин: Киреше подоход салыгынан- 500,0 мин сом, кайра бөлүштүрүү фонду – 1300,0 мин сом, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы– 200,0 мин сом, Атайын каражаттар эсебинен – 1500,0 мин сом. Жалпысы – 3500,0 мин сом.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталына карата кошумча алынган 3500,0 мин сом акча каражаты төмөндөгү чыгашалар боюнча жумшалсын:
- Кытай коргон, Эрдик айылдарына
таза суу түтүкчөлөрүн сатып алуу - 2222-статьяга- 200 000 сом
- Алапаков көчөсүнө асфальт басуу - 3111-статьяга - 1800 000 сом
- Атайын каражаттан балдар бакчаларына
Тамак аш сатып алуу - 2218-статьяга -1500 000 сом
Жалпысы: 3500 000 сом
3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Ш.Бекатов |