Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VIII кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 33
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылга дем берүүчү гранттарга сунушталуучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылга дем берүүчү гранттарга сунушталуучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб жана Шагым айылынын тургундарынын жалпы жыйынын протоколунун негизинде Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылга төмөнкү дем берүүчү гранттарга сунушталуучу долбоорлорго макулдук берилсин:
- Куршаб айыл аймагына караштуу Шагым айылындагы К.Эрматов атындагы
орто мектебине 10 очколуу ажааткана салуу долбооруна – 2074237,0 мин сом.
Өздүк салым – 414937,0 мин сом.
- Куршаб айыл аймагына караштуу Куршаб айылындагы Манас көчөсүнө 350метр аралыгына асфальт басуу долбооруна – 3193881,0 мин сом.
Өздүк салым – 670781,0 мин сом.
- Куршаб айыл аймагына караштуу Куршаб айылындагы С.Бердиев көчөсүнө 770 метр аралыгына асфальт басуу долбооруна – 7861052,0 мин сом.
Өздүк салым – 2861052,0 мин сом.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Ш.Бекатов |