Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXII сессиясынын
2026-жылдын 28-январындагы №4
“Манас шаарындагы жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 31.12.2025-жылдагы №01-18/8530 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 27.01.2026-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги төмөндөгү жер тилкелерди жана анда жайгашкан скважиналары менен Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы мекемесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
1) Манас шаарынын Р.Эгамбердиев көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан 108,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-09-1001-2292);
2) Манас шаарынын Р.Эгамбердиев көчөсүнүн №1а дарегинде жайгашкан 231,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-09-1001-2293);
3) Манас шаарынын Муса Джалил көчөсүнүн №21 дарегинде жайгашкан 725,50 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-09-1001-0089).
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов), Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы мекемесинин жетекчисине (З.Тыныбек уулуна) жер тилкелерди өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |