Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) IХ отуруму
2026-жылдын 27-январы № 35
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана отчету жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана отчету жөнүндөгү маселени КР Бюджет Кодексинин 78-берене 4-пунктуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 54-беренелерине ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Келдибаев Сактан Аширалиевичтин отчетун Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын корутундусунун негизинде Куршаб айылдык кенешинин (сегизинчи шайланган) IХ кезектеги отуруму токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата аткарган иштери боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер булагына 50828,0 миң сомго план коюлуп иш жүзүндө киреше бөлүгү 56663,5 миң сомго аткарылып канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |