Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXII сессиясынын
2026-жылдын 28-январындагы №5
“Манас шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин
“Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик
коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 26.01.2026-жылдагы №01-18/386 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын алкагында социалдык көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1.) Манас шаарынын Д.Малашов көчөсү №53 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 8722,0 чарчы метр;
2.) Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №9б дарегинде жайгашкан 2350,0 чарчы метр жер;
3.) Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №9а дарегинде жайгашкан 16158,0 чарчы метр жер;
2. Жер тилкелерин өткөрүп берүүдө максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |