Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) IХ отуруму
2026-жылдын 27-январы № 36/1
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 01-январь айына калган калдык жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 01-январь айына калган калдык жана аткарыла турган жумуштар жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) IХ кезектеги отуруму токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 01-январь айына калган калдык 350,8 сом акча каражаты төмөнкү аткарыла турган жумуштарга чыгымдалсын:
- Айыл өкмөтүнүн аппаратына офисный мебель алууга - 3112-статьяга - 213,8 сом
- А.Таңгатаров атындагы орто мектебинин тамак ашына - 2218-статьяга - 137,0 сом
2. Атайын каражаттар эсебиндеги 676,8 сом акча каражаты төмөнкү жумуштарга чыгымдалсын:
- Балдар бакчанын ысык тамак ашына - 2218 -статьяга - 405,8 сом
- А.Таңгатаров атындагы орто мектебинин тамак ашына - 2218 -статьяга - 271,0 сом
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |